КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европанын гуманитардык жардам жана кризисти башкаруу боюнча комиссары Янез Ленарчич менен жолугушту

2022-жылдын 15-ноябрында Брюсселде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европанын гуманитардык жардам жана кризисти башкаруу боюнча комиссары Янез Ленарчич менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары, кризистик көрүнүштөргө каршы туруу жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кризистик шарттарда эффективдүү иштеши үчүн потенциалын чыңдоо жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Министр Кулубаев Кыргызстандын уран калдыктарын сактоочу жайлардын коопсуздугун камсыздоо боюнча аракеттери тууралуу маалымат берип, радиоактивдүү калдыктар менен күрөшүүдө колдоо өтүнүчүн билдирди.

Мындан тышкары, ал Европа тарапка көрсөткөн колдоосу жана ишке ашырылып жаткан гуманитардык долбоорлор үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK