Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын жамааты менен жолугушуу өткөрдү

2022-жылдын 16-июнунда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына барып, анын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.

Академиянын профессордук-окутуучу курамына кайрылып, Министр Ж.Кулубаев кадрларды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын өнүгүү тарыхын сактоо, дипломатиялык иштин практикалык тажрыйбасын өсүп келе жаткан муунга өткөрүп берүү боюнча маанилүү функцияны аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге, Министр геосаясий чыңалуу күчөп турган азыркы шартта тышкы саясий багыт боюнча келечекте өлкөнүн таянычы болууга, ошондой эле жүрүп жаткан процесстерди түшүнүү жана бул чакырыктарга чара көрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жөндөмдүү кадрларды даярдоодо Дипломатиялык академиянын ролу абдан маанилүү жана учурдун талабына жооп берген милдет болуп калгандыгын баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө министр Ж.Кулубаев Академиянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелерге токтолуп, анын натыйжалуулугун жогорулатуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде билим берүү жана окуу-тарбия процесстеринин сапатын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын илимий-изилдөө ишин күчөтүү жана практикалык ишмердүүлүгүн аналитикалык коштоо маселелерин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK