Министр Жээнбек Кулубаев Сербиянын тышкы иштер министри Никола Селакович менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында. Министр Жээнбек Кулубаев Сербиянын тышкы иштер министри Никола Селакович менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшундө түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн тыгыз байланыштарды улантуу тууралуу макулдашышты.

Жолугушууда министр Ж.Кулубаев ошондой эле маектешине кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялар тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын деэскалацияга умтулуусун жана талаш маселелерди саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү позициясын өзгөрүүсүз карманарын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK