Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин Челябинск облусунун Губернаторунун орун басары Станислав Иванович Мошаров менен жолугушуусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, кыргыз делегациясынын башында Россиянын Урал Федералдык округуна иш-сапары менен келди.

2017-жылдын 19-июль айындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Челябинск облусунун өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Макулдашуунун алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу максатында, Ыйгарым укуктуу өкүл Джантаев Э.Н. ушул жылдын 15-апрелинде Челябинск облусунда болуп, Губернатордун орун басары Станислав Иванович Мошаров менен жолугушту.

Тараптар аймактар ​​аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, товарларды жана продукцияларды өз ара жеткирүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле биргелешкен ишканаларды ачуу маселелерин талкуулашты.

Э.Джантаев Ысык-Көл облусунун экономикасынын артыкчылыктуу тармактары жана Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө айтып берди. Ал туризм жаатындагы кызматташтыкты активдештирүүнү жана Челябинск облусунун жашоочуларынын, өнөр жай ишканаларынын кызматкерлеринин ден-соолуктарын чыңдоону Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык мекемелеринде уюштурууну сунуш кылды.

Э.Джантаев менен С.Мошаров аймактар ​​аралык кызматташуунун Биргелешкен жол картасын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты.

Сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов, КР ЭФМ алдындагы Туризм департаментинин мүдүрү Самат Шатманов, Жети-Өгүз районунун акими Мурат Раматов жана башка адамдар катышты.

Андан соң, делегация «ЧРЗ ПОЛЕТ» АКда болуп, «Акылдуу шаар» долбоорунун үлгүсүндө аймакты өнүктүрүүгө санариптештирүүнү киргизүү тажрыйбасы менен таанышты, ошондой эле «МЕЧЕЛ» Челябинск металлургиялык заводунун ишканасынын жетекчилиги менен жолугушуп, заводдун өндүрүш процессин көрүүгө жетишишти.

Мындан тышкары, Челябинск облусунун туризм тармагынын өкүлдөрү жана ири өнөр жай ишканаларынын кесиптик бирикмелери менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациялары тартууланды.

Россиялык тарап Кыргызстан менен ден-соолукту чыңдоо туризминде кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун колдоосунда жана катышуусунда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK