Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаров баштаган кыргыз делегациясынын Москва жана Москва облусу кыргызстандык диаспорасынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуусу уюштурулду

2021-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаров баштаган кыргыз делегациясынын Москва жана Москва облусу кыргызстандык диаспорасынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуусу уюштурулду.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине парламенттик шайлоо боюнча жооптуу кызматкерлери, УШКнын төрагалары жана мүчөлөрү, жана башка кызыкдар адамдар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарына "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочу боюнча даярдалган платформа тууралуу маалыматтар берилди, ал жерде ар бир жаран «tizme.gov.kg» сайтынан өз участкосун тактап, тизмесиндеги маалыматын текшере алат.

Өз кезегинде КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаров мекендештерди алдыдагы парламенттик шайлоого активдүү катышууга чакырды. Ошондой эле, иш-чаранын катышуучулары Кыргыз Республикасынын парламенттик шайлоосуна байланыштуу ар кандай суроолорго жооп алышты.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулоо жана пикир алмашуу, учурдагы процедуралар, ошондой эле Россия Федерациясында жашаган шайлоочулардын добуш берүүсүнүн укуктук жана техникалык аспектилери тууралуу маалымат берүү максатында өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK