Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередовду кабыл алды
2021-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередовду кабыл алды.
Маектин жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташуусунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алышышты. Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы саясий-дипломатиялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнү жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди. Транспорт жана инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жаатында соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү, анын ичинде соода-сатык, инвестициялар жана энергетикалык ресурстарды жеткирүү маселелери каралды.
Жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.