КРдин ЕККУдагы Туруктуу өкүлү, Элчи Төленды Макеевдин төрагалыгы астында ЕККУдагы Жаштар жана коопсуздук боюнча Достор тобунун Үчүнчү жыйыны болуп өттү

2021-жылдын 29-октябрында Венада, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү, Элчи Төленды Макеевдин төрагалыгы астында ЕККУдагы Жаштар жана коопсуздук боюнча Достор тобунун гибрид форматтагы Үчүнчү жыйыны болуп өттү.

Коопсуздук өңүтүнөн алганда жаштардын жашоосундагы билим берүүнүн ролунун маанилүүлүгүн Кыргызстандын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү Т.Макеев өзүнүн кириш сөзүндө баса белгиледи. Билим берүүгө инвестиция кылууга байланышкан жыйындын темасына токтолуп, билим жаштардын кайра жаралуусуна жол ачарын, бул коомдогу жигердүү жарандык позицияны калыптандырууда негизги элемент болуп саналарын белгиледи.

Ошондой эле Топтун теңтөрагалары: Испаниянын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү, Элчи К.Р.Вальдес жана АКШнын ЕККУдагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү К.Аустриан айым дагы өздөрүнүн кириш сөздөрү менен чыгып сүйлөштү.

Жыйындын ишине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын расмий өкүлдөрү катышты. Видеокайрылуу аркылуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министри А.Жаманкулов сүйлөдү.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттиктин директорунун орунбасары С.Надырбеков негизги баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын жаштар саясаты тууралуу презентация жасады. Презентацияда КРнын 2020-2030-жылдарга карата жаштар саясатынын Концепциясынын негизинде стратегия жана иш-аракеттердин пландарын иштеп чыгуу боюнча негизги багыттар жөнүндө сөз болду.

Өз кезегинде КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Э.Кожоев катышуучуларга жаштардын баалуулук багыттарын калыптандыруусунда билим берүүнүн ролу тууралуу айтып берди.

Күн тартибинин башка пункттары боюнча ЕККУнун институттарынын, ЕККУдагы Швеция төрагалыгынын, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын өкүлдөрү, ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын Директору жана эл аралык эксперттер сүлөштү.

Маалымат: Жаштар жана коопсуздук боюнча Достор Тобу 2015-жылы түзүлгөн жана ЕККУда «Жаштар жана коопсуздук» темасы боюнча күн тартибин ырааттуу илгерилетүү үчүн Венадагы уникалдуу форум болуп саналат. 2020-жылга чейин Топто Испания төрагалык кылган. 2021-жылдын январынан баштап Кыргызстан, Испания жана АКШ Топтун теңтөрагалары болуп саналат.

КРнын бул Топто теңтөрагалык кылуусу ЕККУдагы уникалдуу жана ушундай түрдөгү жалгыз билим берүү мекемеси болуп эсептелген ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын болушу менен шартталган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK