Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын Ёнсе университетиндеги Северанс ооруканасына  барып, анда Ёнсе университетинин саламаттык сактоо жаатындагы Президенти доктор Юн Донг Суп, Сеулдун клиникалык лабораториясынын Төрагасы доктор Ли Кён Рюл жана академиялык, ошондой эле эл аралык иштер борборунун Директору, профессор Ан Шин Ги менен жолугушту

2021-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын Ёнсе университетиндеги Северанс ооруканасына  барып, анда Ёнсе университетинин саламаттык сактоо жаатындагы Президенти доктор Юн Донг Суп, Сеулдун клиникалык лабораториясынын Төрагасы доктор Ли Кён Рюл жана академиялык, ошондой эле эл аралык иштер борборунун Директору, профессор Ан Шин Ги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулашты, кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашышты, анын ичинде Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту боюнча долбоорго инвестиция салууну сунуштады. Ысык-Көл облусундагы биргелешкен диагностикалык борборлордун мүмкүнчүлүктөрүнө көңүлдү бурду.

Тараптар биргелешкен операциялар, медициналык персонал менен алмашуу жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу зарылдыгын белгилешти. Элчи медициналык жабдуулар түрүндө кыргыз ооруканаларынын потенциалын жогорулатууга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK