Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Евразия департаментинин башкы директору Алиреза Хакикиян менен жолугушту

2021-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Турдакун Сыдыковдун Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Евразия департаментинин башкы директору Алиреза Хакикиян менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ирандагы Элчиси Т.Сыдыков маектешине учурдагы ички саясий абал, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана ошондой эле, 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолор тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун алкагында тараптар, кыргыз-иран эки тараптуу мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелерин да талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Ирандагы Элчиси Т.Сыдыков, республика үчүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун артыкчылыктуу экендигин жана мамлекет жетекчиги Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында экономикалык дипломатияны илгерилетүүгө чоң маани берип жаткандыгын баса белгиледи.

Элчи Т.Сыдыков, энергетика тармагындагы келечектүү долбоорлорго, атап айтканда Кыргызстанда ири жана кичи ГЭСтерди курууга, айыл чарбасына, кайра иштетүү өнөр жайына, ошондой эле транзиттик-транспорттук потенциалды өнүктүрүү жана туризм чөйрөсүн инвестициялоонун келечегине өзгөчө басым жасады. Бул мааниде, Кыргыз Республикасынын Элчиси иран тарабын Кыргыз Республикасынын Иран менен боордош аймактарына, анын ичинде Баткен областына социалдык объектилердин курулушуна инвестиция салуу жана финансылык-экономикалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө чакырды.

2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракесин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Ирандагы Элчиси Т.Сыдыков юбилейлик жылда жогорку деңгээлдеги өз ара иш-сапарларды жана Кыргыз Республикасы менен Иранда соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруп өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Иран Тышкы иштер министрлигинин Евразия Департаментинин Башкы Директору Алиреза Хакикиян Кыргыз Республикасынын Элчиси Т.Сыдыковду Иран Ислам Республикасынын Президентине Ишеним баракчасын тапшыруусу менен жана Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчисинин кызматына киришүүсү менен куттуктап, Элчинин эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен “жол картасын” иштеп чыгуу демилгесин колдоп, иран тарабы кыргыз Элчисинин бардык сунуштарын кароого жана анын Иран жергесинде дипломатиялык миссиясын ийгиликтүү ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.

Ошондой эле, Иран Тышкы иштер министрлигинин Евразия Департаментинин башчысы А.Хакикиян Ирандын ШКУга толук кандуу мүчө болушуна колдоо көрсөткөнү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө терең ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар ИКУ, ЭКУ жана ЕАЭБ сыяктуу аймактык уюмдардын алкагында кыргыз-иран кызматташтыгын кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдүн дагы кеңири ачылгандыгын белгилешти.

Ошондой эле Алиреза Хакикиян Кыргыз Республикасынын Ирандагы Элчиси Т.Сыдыковго Ирандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Т.Сыдыков маектешине каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирүү менен өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча кыргыз-иран мамилелерин мындан ары да өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK