Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова «Coupang» компаниясынын Вице-Президенти менен жолугушуп, «Кыргыз почтасы» ААК менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

2022-жылы 29-июлда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Coupang компаниясынын вице-президенти Йонг Мок Ли менен жолугушуп, анын жүрүшүндө «Coupang» менен «Кыргыз Почтасы» ААК ортосундагы кызматташуу, ошондой эле түштүк корея рыногунда ата мекендик продукцияларды жылдыруу жана жайылтуу мүмкүнчүлүгү каралды.

Тактап айтканда, Элчи «Coupang» менен «Кыргыз почтасы» ААКнын ортосунда соода аянтчасынан Кыргыз Республикасынын Сеулдагы кампасы аркылуу жүктөрдү консолидациялоо боюнча кызматташууну сунуштады, «Кыргыз почтасы» ААКнын Кыргызстанда «Coupang» кеңири жайылтуу ниетин билдирди жана компанияны потенциалдуу өнүмдөрдү жана товарларды аныктап, андан ары Корея Республикасына экспорттоо максатында сатуу рыногун комплекстүү изилдөө үчүн Кыргызстанга эксперттер тобун жөнөтүүгө чакырды.

Өз кезегинде Янг Мок Ли «Coupang» менен кызматташууга болгон кызыгуу үчүн ыраазычылык билдирип, Элчинин сунуштары кылдаттык менен иликтене тургандыгына ишендирди. Мындан тышкары компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандын экологиялык жактан таза продукциясынын чоң потенциалын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында жогоруда аталган маселелер боюнча консультацияларды улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн: Coupang Түштүк Кореянын ири электрондук соода компаниясы. 2010-жылы негизделген компания Түштүк Кореядагы эң ири онлайн базарга айланды. Coupang көбүнчө Түштүк Кореянын онлайн рыногундагы абалына жана көлөмүнө байланыштуу "Түштүк Кореянын Амазонкасы" деп аталат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK