Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчиси Бакыт Джусупов Будапешт шаарына иш-сапарга барды

2020-жылдын 27-28 августунда Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчиси Бакыт Джусупов Будапешт шаарына          иш-сапарга барды.

Иш-сапардын алкагында, Венгриянын тышкы саясат ведомствосунда Б.Джусуповдун бир катар жолугушуулары өткөрүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө Министрликтин жана бир катар департаменттердин башчылары менен жолугушуп, Венгрия менен кызматташуунун өнүгүшүн жана андан ары бекемделишинин маселелери тууралуу талкуулашты. Саясий диалогдун перспективдүү жана активдүү уланышына, соода-экономикалык кызматташтыкка, ошону менен бирге эки өлкөнүн укуктук базасынын кеңейтилишине өзгөчө басым жасалды.

​Мындан тышкары, Будапешт шаарынын мэриясында перспективдүү кызматашуу боюнча, Гедеон Рихтер компаниясында өлкөбүздү медициналык препараттар менен камсыз кылуу тууралуу, Wizz Air компаниясы менен бирге Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүктөрүн талдашып, Zeolit Hungary менен КРдагы туюк каптардагы маселелерди чечүүдө биргелешип кызматташуу туурасында жолугушуулар өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK