Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчиси Бакыт Джусупов ушул өлкөдө аккредитацияланган элчилер менен бирге жыл сайын уюштурулган Венгриянын Президенти Янош Адер менен жолугушууга катышты

2020-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчиси Бакыт Джусупов ушул өлкөдө аккредитацияланган элчилер менен бирге жыл сайын уюштурулган Венгриянын Президенти Янош Адер менен жолугушууга катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Б.Джусупов Кыргызстандагы учурдагы жагдайлар жана өлкөнүн максаттары тууралуу, аны менен бирге Венгрия менен биргелешип кызматташуусун өнүктүрүү жана бекемдөө тууралуу маалымат берди. Ушуга байланыштуу, алдыда пландалган жогорку деңгээлде өтө турган визиттердин алкагында эки өлкө тарабынан тышкы саясий жана тышкы экономикалык иш-чараларды өткөрүү тууралуу көптөгөн иштер пландалып, жасалууда.

Будапештке болгон иш-сапардын жүрүшүндө Элчи Б.Джусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин Чыгыш Европа, Россия жана Орто Азия департаментинин директору Е.Кудрявцев менен жолугуп, эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги маселелер тууралуу сүйлөштү. Айрыкча, соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүгө жана укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды.

Ушул эде күнү, Zeolit Hungary жана Ganz EEM, LLC компанияларында жолугушуулар болду. Zeolit Hungary компаниясы суудан аммоний азотун, радионуклиддерди жана нефтпродуктыларын бөлүүдө, оор металлдардын кошулушунда колдонула турган цеолитти жеткирүү менен алектенет. Ѳз учурунда, аталган минерал Чернобыль АЭСнда болгон авариядан кийин активдүү колдонулган. Тараптар Кыргызстандын аймагындагы туюккаптардын (хвостохранилищ) маселелерин чечүүдө биргелешип иштөө тууралуу талкуулашты.

Ganz EEM, LLC компаниясы Венгриядагы насос жана труба өндүрүүчү, ошондой эле миниГЭС куруучу алдынкы компания болуп эсептелет. Жолугушуунун жыйынтыгында компаниянын жетекчилери КРнда гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK