Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын өнөр жай, тоо-кен жана соода министринин орун басары – сооданы өнүктүрүү уюмунун жетекчиси Алиреза Пейманпак менен жолугушту
Экономикалык дипломатияны өнүктүрүүнүн алкагында 2022-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Тегерандагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Турдакун Сыдыковменен Ирандын Өнөр жай, тоо-кен жана соода министринин орун басары -Ирандын Сооданы өнүктүрүү уюмунун жетекчиси Алиреза Пейманпактын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү динамикасын, ошондой эле 2022-жылдын сентябрында Бишкек жана Ош шаарларында пландаштырылып жаткан Ирандын расмий өкүлдөрүнүн жана жеке ишкерлеринин катышуусунда өтүүчү көргөзмө иш-чараларына жана бизнес-форумдарга даярдыктарды талкуулашты.
Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу үчүн тараптар Бишкек жана Тегеран шаарларында эки өлкөнүн экспорттук потенциалын көрсөтүүчү туруктуу көргөзмө экспозицияларын (шоурумдарды) өз ара ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Ошондой эле тараптар Бишкекте өтө турган соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-иран комиссиясынын кезектеги жыйынына тийиштүү даярдык көрүү зарылдыгын белгилешти.