Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Сардиния регионуна иш сапары менен барды

2023-жылдын 15-16-майында Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Сардиния регионуна иш сапары менен барды.

15-майда Кальяри шаардык кеңешинин Төрагасы Э.Токко менен жолугушууда Каракол шаарынын мэриясы менен кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле быйылкы жылы Кальяри шаарынын мэриясынын делегациясынын Кыргызстанга достук жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюу үчүн иш сапарын уюштуруу маселелери талкууланды. 

Элчи Т.Базарбаев ошондой эле Кальяри шаарында жашаган көп сандаган кыргыз диаспораларынын болушуна көмөк көрсөтүү, ошондой эле кыргыз-италиялык байланыштарды өнүктүрүү жана тереңдетүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде Э.Токко Каракол шаарына чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, Кальяри шаарынын мэриясынын жетекчилигинин быйылкы жылы Кыргызстанга келиши мүмкүндүгүн билдирди.

Кошумчалай кетсек, иш сапардын алкагында Италиянын «Солдиретти Сардегна» айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн улуттук ассоциациясынын Италиянын аймактык өкүлчүлүгүнүн президенти жана директору К.Баттиста жана Л.Саба менен жолугушуу болуп, алар квалификациялуу кадрларга тез арада муктаждык бар экенин белгилешти жана аралдын айыл чарба ишканалары үчүн жана Италиянын мыйзамдарына ылайык Кыргызстандан жумушчу ресурстар күчүн тартууга даяр экендиктерин билдиришти..

Жолугушуунун жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында «Сoldiretti Sardegna»  компаниясынын жетекчилигинин Кыргызстанга сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK