Кыргызcтандын Кувейттеги Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Тарбия, жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министри д-р Хамад Абдулвахаб Аль-Адвани менен жолугушту

2023-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу максатында, Кувейт Мамлекетинин Тарбия, жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министри доктор Хамад Абдулвахаб Аль-Адвани менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А. Карагулов доктор Х.Аль-Адванини министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын тарыхына жана анын негизги жетишкендиктерине кыскача токтолуп, мекемелер жана университеттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча мындан аркы иштерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Кувейтке боло турган расмий сапарынын алкагында кол коюу үчүн эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо маселелерин талкуулады.

Өз кезегинде Министр доктор Хамад Аль-Адвани билим берүү тармагында ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастап, биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана илимий алмашууга кувейт тараптын эшиги ар дайым ачык экенин белгиледи. Ошондой эле ал Эль-Кувейт шаарында өтө турган Экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын үчүнчү жыйынына жигердүү катышууга кызыкдар экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK