Кыргызcтандын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Кыргызстан-Корея парламенттик достук тобунун жетекчиси Кан Ги-юн мырзма менен жолугушту

2022-жылы 19-июлда Сеул шаарында, Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Кыргызстан-Корея парламенттик достук тобунун жетекчиси Кан Ги-юн мырзма менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө маектештер кыргыз-корея эки тараптуу жана парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Элчи А.Исмаилова Кыргыз Республикасы Корея Республикасы менен саясий диалогду улантууга өзгөчө маани берерин баса белгиледи, ушуга байланыштуу эки тараптуу, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды алмашууну уюштуруу аркылуу даяр экендигин билдирди.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашышты. А.Исмаилова айыл чарбасы, шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, инфраструктура, транспорт, экология, гидроэнергетика, санариптештирүү, текстиль өнөр жайы, билим берүү жана саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарда артыкчылыктуу долбоорлорду алдыга жылдыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Канг Ги-юн мырза баштаган парламенттик достук тобунун мүчөлөрүн жакынкы арада Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Канг Ги-юн мырза Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, жогоруда аталган бардык маселелер боюнча мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK