Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Мажаристандын Улуттук чогулушунун Вице-спикери Шандор Лежак менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Мажаристандын Улуттук чогулушунун Вице-спикери Шандор Лежак менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Вице-спикер Ш.Лежак 2022-жылдын 23-24-июнунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын ишине катышууга чакырууну кабыл алды.

Жолугушууда элчи Т.Кушчубеков өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээли жогорку динамикалуу экенин, эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча жакшы натыйжаларга жетишилгенин белгиледи. Элчи Мажаристандын парламентарийлери жана мамлекеттик органдары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди мындан ары да колдоо көрсөтүүсүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Вице-спикер Ш.Лежак Мажаристан Кыргыз Республикасы менен мамилелерди өнүктүрүүгө маани берерин ырастады. «Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүп жатат, биз бир тууган өлкөлөр жана элдербиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өсүү тенденциясы бар экендиги кубандырат», - деп белгиледи маегинде. Вице-спикер Ш.Лежак кыргыз делегациясын 2022-жылдын 12-14-августунда Мажаристанда өтө турган түрк элдеринин Курултайына катышууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мажаристанда Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK