Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги «Бир алкак – бир жол Соода палаталарынын жана Ассоциацияларынын глобалдык конференциясына» катышты

2019-жылдын 22-23-ноябрында Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги «Бир алкак – бир жол Соода палаталарынын жана Ассоциацияларынын глобалдык конференциясына» катышты. Бул иш-чара «Бүткүл кытайлык өнөр жай, соода федерациясы» жана «People's Daily», «Global Times» колдоо менен уюштурулду. Ушул конференцияга эл аралык соода өнөр жай палаталар, өнөр жай ассоциациялар жана Пекиндеги дипломатиялык өкүлдөрү катышышты.

Конференциянын алкагында Кыргызстандын улуттук стенди уюштурулуп, өлкөбүздүн өндүрүшүү көрсөтүүлдү. Элчиликтин кызматкерлери Кыргызстандын инвестициялык климаттын, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн таныштырып, өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу айтып беришти.

Бул иш-чарага 200 ашык саясий ишмерлер, 800 окумуштуулар, 1000 ашык соода палаталарынын жана ассоциациялардын төрагалары катышышты. Конференцияга 30000 ашык адам катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK