Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчилиги Кыргыз Республикасына арналган масштабдуу иш-чара өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия  Падышлыгындагы Элчилиги 2023-жылдын 22-мартында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасына арналган Сауд Арабиянын  мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин, Аш-Шура Мажлисинин (Парламентинин) депутаттарынын, илимий жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле өлкөнүн маданият жана спорт жаатында эмгек сиңирген ишмерлеринин катышуусунда масштабдуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чаранын негизги максаты чакырылган конокторду Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик потенциалы менен тааныштыруу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элчи У.Марипов сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чаранын алкагында Элчилик Кыргызстан тууралуу видеороликтерди көрсөтүп, ошондой эле кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана үрп-адаттары тууралуу сүрөт көргөзмөсүн уюштурду. Аталган сүрөт көргөзмөнүн алкагында Элчиликтин кызматкерлери конокторго Кыргызстандын туризминин өзгөчөлүктөрү, барууга боло турган уникалдуу жаратылыш жерлери, ошондой эле салттуу спорт түрлөрү жана улуттук оюндар тууралуу маалымат беришти.

Иш-чаранын соңунда келген коноктордун урматына кечки тамак уюштурулду. Мындан тышкары, көргөзмөгө келгендерге инвестициялык долбоорлор боюнча материалдар, ошондой эле Кыргызстан тууралуу саякат брошюралары жана буклеттер таратылды.

Белгилей кетсек, мындай масштабдагы иш-чара Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчилиги тарабынан биринчи жолу өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK