Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУнун астындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев БУУнун ЕЭКтин Аткаруучу катчысы Ольга Алгаерова менен жолукту

2021-жылдын 26-июлунда Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) Женева (Швейцария) шаарында жайгашкан кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУнун астындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Аткаруучу катчысы О.Алгаерова менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Бейшеналиев О.Алгаеровага Кыргызстандагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди, ошол эле учурда өлкө жетекчилигинин алдында турган артыкчылыктуу милдеттердин бири социалдык-экономикалык чөйрөдө реформаларды жүргүзүү экендигин баса белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУ ЕЭК ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин, атап айтканда, жакында Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата сооданы жеңилдетүү боюнча Жол картасын биргелешип баштагандыгын, 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын апрелине чейинки мезгилге М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын, БУУ ЕЭК Кыргызстандагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун колдой тургандыгын белгилешти. Тараптар ошондой эле айланма экономика, инновация жана аймактагы жол коопсуздугуна байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен БУУ ЕЭК ортосундагы жигердүү кызматташтыкты улантуу жөнүндө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK