Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Данияр Мукашев Борбордук Азиянын экономикалары үчүн БУУнун атайын программасынын (СПЕКА) мүчө-мамлекеттеринин жолугушуусуна катышты

2019-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун  жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Данияр Мукашев Борбордук Азиянын экономикалары үчүн БУУнун атайын программасынын (СПЕКА) мүчө-мамлекеттеринин жолугушуусуна катышты. Иш-чаранын катышуучулары СПЕКАнын учурдагы жана келечектеги абалын, анын ичинде 2019-жылдын ноябрында Ашхабад шаарында өтө турган СПЕКАнын экономикалык форумуна, эки жумушчу топтун жыйналыштарына жана Башкаруучу кеӊештин 14-жыйынына карата даярдыктар талкууланды.

СПЕКАнын ишмердүүлүгүнүн маселелерин талкуулап жатып, жолугушуунун катышуучулары, анын регионду өнүктүрүүнүн ишине позитивдүү салымын белгилешти жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын адистик жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн мындан да натыйжалуу пайдалануу максатында, кийинки кадамдарды белгилешти. Тактап айтканда, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын Аткаруучу катчысы О.Алгаерова СПЕКАнын алкагында жаңы мекемени түзүү демилгеси менен чыкты.

Өз кезегинде, Туруктуу өкүл Д.Мукашев 2020-жылындагы өлкөбүздүн СПЕКАдагы төрагалыгынынын алкагында Кыргыз Республикасы региондо жана өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшарын баса белгиледи.

Маалымат үчүн: Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасы (СПЕКА) 1998-жылы дүйнөлүк экономикага Борбордук Азия жана анын сакталышы боюнча суб-региондук кызматташтыкты күчөтүү үчүн киргизилген. СПЕКА өлкөлөрүнө Авганстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. СПЕКАнын ишмердүүлүгү жумушчу топтордун алкагында төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат: суу, энергетика жана курчап турган чөйрө; туруктуу транспорт, транзит жана байланыш; сооданы өнүктүрүү; статистика; билимде негизделген өнүктүрүү, гендердик теңдик жана Туруктуу өнүгүү максаты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK