Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева Эл аралык эмгек уюмунун БУУдагы Атайын өкүлү Беата Андреес менен жолугушту

2021-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын БУУнун астындагы Туруктуу өкүлү Эл аралык эмгек уюмунун БУУдагы атайын өкүлү Беата Андрес менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуунун алкагында тараптар Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Эмгек Уюмунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана БУУнун алкагындагы өлкөлөрдүн ортосундагы санариптик ажырымды жоюу, жумушчу орундарын түзүү, татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу жана санариптик технологиялар заманбап мезгилинде эмгек укуктарын коргоого багытталган келечектеги кадамдарды талкуулашты. Буга байланыштуу, БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2007-жылы Кыргыз Республикасынын демилгеси менен бекитилген Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилетт күнүнө карата 20-февралда салтка айланган иш-чараны өткөрүү талкууланды. Атайын өкүл Беата Андресс жогорудагы маселелер боюнча кыргыз тарап менен тыгыз кызматташууга, ошондой эле бул иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин ырастады.

Ошондой эле, туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева өткөн президенттик шайлоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум жөнүндө маалымат берип, ошондой эле кыргыз тараптын эмгекти коргоо, социалдык коргоо жана эмгек мигранттарынын укуктарын илгерилетүү жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине берилгендигин ырастады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK