Ушул жылдын 2-майында Бишкек шаарында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын башчылары жана өкүлдөрү көңүл айтып, Кыргыз Республиканын Тышкы иштер министрлигинин  имаратында ачылган китепке тиешелүү жазууларды калтырууну улантышты

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында биздин курман болгон жарандарды эскерүү үчүн 2021-жылдын 1-2-майын Кыргыз Республикасынын улуттук аза күтүү  күнү деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын  Тышкы иштер министрлигинде  жана  Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектери түшүрүлдү жана көңүл айтуу китепчелери ачылды.

Ушул жылдын 2-майында Бишкек шаарында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын башчылары жана өкүлдөрү көңүл айтып, Кыргыз Республиканын Тышкы иштер министрлигинин  имаратында ачылган китепке тиешелүү жазууларды калтырууну улантышты. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын жамааты кагылышуудан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK