«Өзүнүн аймагында уран мурастары бар шаарлардын жана шаарлардын бирикмеси» аттуу Биринчи Эл аралык конференциясы өткөрүлдү

2022-жылдын 15-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Программалык кеңсесинин колдоосу менен биргелешип Биринчи Эл аралык «Өзүнүн аймагында уран мурастары бар шаарлардын жана шаарлардын бирикмеси» конференциясы биргелешип өткөрүлдү. Иш-чарага Германия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Франциядан келген делегаттар, ошондой эле Еврокеңештин, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү Конференциянын жүрүшүндө катышты.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар уран калдыктарын рекультивациялоо процессин жана бул процессте жергиликтүү бийликтердин жана жергиликтүү тургундардын ролун, ошондой эле калдык сактоочу жайлардын орун алган социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрүн жана бул маселелерди чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты. Ошондой эле уран мурасы бар шаарлардын жана шаарлардын бирикмеси эл аралык кызматташуусун уюштуруунун практикалык жолдору талкууланды. Ассоциация шаарларды рекультивациялоого чейин, процессте жана рекультивациядан кийинки мезгилде социалдык-экономикалык жана экологиялык жактан өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу өз ара аракеттенүүнүн механизми боло ала тургандыгы белгиленди. Келечекте Ассоциация өзүнүн ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүн кеңейтип, уран калдыктары сакталган жерлерди рекультивациялоону пландаштырууда жана ишке ашырууда  жана рекультивациядан кийинки мезгилде да, ошондой эле калктуу конуштарды туруктуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин камтышы пландаштырылууда.

2022-жылдын 17-сентябрында Конференциянын катышуучуларынын Кажы-Сай айылындагы уран калдыктарын рекультивациялоо объектилерине таанышуу сапары болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK