Элчи Э.Бейшембиев Пакистандын «AMK Apparels» текстиль компаниясынын директору, Ашфак Ахмад Хан мырза жана «Malik Enterprise» инвестициялык компаниясынын башчысы Ш.Малик мырза менен жолугушту

2020-жылдын 19-сентябрында, Исламабад шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде, Элчи Э.Бейшембиев Пакистандын «AMK Apparels» текстиль компаниясынын директору, Ашфак Ахмад Хан мырза жана «Malik Enterprise» инвестициялык компаниясынын башчысы Шехрияр Малик мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташтыктын келечегин жана Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү, Кыргыз Республикасында өндүрүш ишканаларын ачуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле эки өлкөнүн жеке ишканаларынын ортосунда түздөн-түз ишкер байланыштарды түзүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында пакистандык тарап жакынкы аралыкта Кыргызстанга иш сапары менен келүү ниети жөнүндө маалымдады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK