Кабул шаарындагы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча Атайын өкүлү Р.И.Отунбаева менен жолугушуусу болуп өттү

2023-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Афганистандагы Элчилиги Кабул шаарындагы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын (Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Түркмөнстан Республикасы) жана  БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча Атайын өкүлү Р.И.Отунбаева (UNAMA башчысы) менен жолугушуусун уюштурду.

Жолугушууда Афганистанда түзүлгөн кырдаал, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтыгын уюштуруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары афган элине жардам көрсөтүү жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жамааттык чараларды уюштуруу максатында кабыл алуучу өлкөдө биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK