Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Венгриянын Премьер-министринин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Кристоф Алтуш менен жолугушуусу болду

Ушул жылдын 3-сентябрында Будапештте Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Венгриянын Премьер-министринин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Кристоф Алтуш менен жолугушуусу болду.

Маектешүү учурунда Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, аны менен бирге кыргыз-венгер Стратегиялык кеңешинин жыйналышын өткөрүү, стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жана жогорку жана эң жогорку сапарларды уюштуруу боюнча кошумча чаралар талкууланды. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, атап айтканда, соода жана экономикалык кызматташуу жана Кыргыз-венгер Ишкердик кеңеши, ошондой эле Венгер-кыргыз Өнүктүрүү Фондунун ишин баштоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Венгриянын Парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Жолт Немет менен жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу маселелери каралды. Кеңеште Венгриянын учурдагы төрагалыгын эске алуу менен Европа кеңеши жана Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын алкагында эки мамлекеттин өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.  

Биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция жана банк иштери чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу Венгриянын Эксимбанкынын башчысы Гергел Якли менен Н.Ниязалиевдин өз алдынча жолугушуусунун башкы темасы болуп калды. Ал Эксимбанктын иши, алардын иши венгриялык ишкана-экспорторлорду колдоодо, ОЭСРнын регламентинин негизинде экспорттук-кредиттик агенттиктин иш-мидеттерин аткарууда, ошондой эле инвестициялык долбоорлорго венгриялык компаниялардын катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн аларды издөөгө көмөк көрсөтүүдө турары жөнүндө кыскача маалымат берди. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев өз кезегинде айыл чарба, гидроэнергетика, туризм сыяктуу чөйрөлөрдөгү өлкөнүн инвестициялык дарамети жөнүндө айтып берди. Тараптар Бишкек шаарында тез арада Венгер-кыргыз Өнүктүрүү Фондунун ишин баштоонун маанилүүлүгү жөнүндө макулдашышты, анын алкагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат.

Ошондой эле Будапешт шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев Будапешт шаарынын 14-округунун мэри Чаба Хорват менен биргеликте Чынгыз Айтматов атындагы сейил бакка гүлчамбар койду. Улуу жазуучунун дүйнөлүк адабиятка кошкон салымын жана венгриялык окуурмадар тарабынан ага болгон өзгөчө сүйүүнү жогору баалоо менен ал 2020-жылы ачылган сейил бакка болгон иштери үчүн Будапешттин муниципалдык бийлигине ыраазычылык билдирди.

Сапарынын аягында Н.Ниязалиев Stipendium Hungaricum программасы боюнча Венгрияда окуп жатышкан кыргыз студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Ал Stipendium Hungaricum программасы боюнча Венгриянын ТИМинин мамлекеттик катчысы О.Паксай-Томасич менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө, ошондой эле Будапешт шаарында дипломатиялык миссияны уюмдаштыруу, эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда түз авиа каттамдарды ачуу, жогорку жана эң жогорку сапарларды уюштуруу боюнча пландарды кошуп алганда, кыргыз-венгер мамилелерин мындан ары кеңейтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу студенттерге маалымат берди.  

Өз кезегинде кыргыз студенттери Венгриядагы өздөрүнүн окуу жана жашоо шарттары жөнүндө кеңири айтышты. Алар Венгрияга окууга студенттер жөнөгөнгө чейин КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Бишкекте багыт берүүчү программаны уюштуруу, ошондой эле окууну бүткөндөн кийин Кыргызстанда аларды ишке орноштуруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү тууралуу каалоолорун билришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK