Башталгыч класстарда кыргыз тилинде программадан сырткары сабактарды жана кружокторду өнүктүрүү боюнча онлайн жолугушуу өттү

2022-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Япониянын Seishinsha Co. Ltd жана Digital knowledge Co. Ltd компаниялары менен онлайн жолугушуу уюштурду. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Seishinsha Co. Ltd компаниянын долбоор менеджери Масахиро Мория, Digital knowledge Co. Ltd компаниянын өкүлү Такахаси Наоки жана башкалар катышышты.

Жолугушууда тараптар башталгыч класстарда билим берүү абал боюнча пикир алмашып, мындан аркы кызматташууну тереңдетүү боюнча пландарды белгилешти.

Тактап айтканда, Seishinsha Co. Ltd компаниянын менеджери Мория мырза башталгыч класстарда билим берүү программадан сырткары сабактарды жана кружокторду кыргыз тилинде уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду презентация кылып берди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бул долбоорго кызыгуусун жана бул долбоорду ишке ашыруу үчүн күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу чечим кабыл алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK