Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Федеративдүү Республикасынын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү Федералдык министрлигинин Мамлекеттик катчысы Нильс Аннен менен жолугушту

2022-жылы 18-июлда Берлинде Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Федеративдүү Республикасынын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү Федералдык министрлигинин Мамлекеттик катчысы Нильс Аннен менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман каржылык-техникалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибинин жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Текебаев Кыргыз Республикасында «Саламаттык сактоо» жана «Экономиканы туруктуу өнүктүрүү» багыттары боюнча ар кандай долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын Германия менен өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгилеп, өлкөдө Германиянын катышуусу менен эки тарапты тең кызыктырган түрдүү чөйрөлөрдө, өзгөчө экономикалык чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берди.

Мамлекеттик катчы Н.Анен эки өлкөнүн өнүгүү саясатынын алкагында кызматташуу жылдарындагы кеңири чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү оң белгиледи жана германиялык тарап Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы ийгиликтүү кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK