Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева ЮНЕСКОнун Нью-Йорк шаарындагы кеңсесинин директору Мэри Рудил менен жолугушту

2021-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева ЮНЕСКОнун Нью-Йорк шаарындагы кеңсесинин директору Мэри Рудил менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун билим берүү, илим жаатындагы кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун актуалдуу маселелерин, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин жана биологиялык ар түрдүүлүктү чечүү үчүн илимий изилдөөлөрдү жайылтуу маселелерин талкуулашты.

Туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО менен кызматташтыгынын учурдагы деңгээлин жогору белгилеп, кыргыз тараптын улуттук билим берүү тутумун жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарууну улантууга даяр экендигин тастыктады. Миргүл Молдоисаева ошондой эле кыргыз маданиятынын элементтеринин ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилгендигин жогору белгиледи. Андан кийин ал кыргыз тараптын эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар демилгелерди көтөрүүгө ниети бар экендигин билдирди.

Өз кезегинде ЮНЕСКОнун Нью-Йорк шаарындагы кеңсесинин директору Мэри Роудил өз уюмунун кыргыз тараптын белгиленген эл аралык демилгелерин колдоого жана аларды илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин тастыктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK