Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун башкы директору Ерлан Байдаулет менен жолугушту

2021-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун башкы директору Ерлан Байдаулет менен жолугушту.

Маалымат үчүн: Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму (ИОПБ)- Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча адистештирилген мекемеси болуп саналат. Уюмдун негизги максаттары - азык-түлүк коопсуздугун туруктуу өркүндөтүү, агрардык секторду өнүктүрүү, ачарчылыкка, массалык тамактанбоого, чөлгө айланууга, токойлорду кыюуга каршы күрөшүү, болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланбоо, алдыңкы практика менен тажрыйба алмашуу боюнча бирдиктүү аянтчаны түзүү, технологияларды өткөрүү жана инвестицияларды илгерилетүү болуп эсептелинет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар климаттын өзгөрүшү жана глобалдык жылуулук, ошондой эле айыл чарба продукцияларына баанын кескин көтөрүлүшү жана тамак-аш маселелерин талкуулашты, алар эл аралык күн тартибиндеги эң орчундуу маселелердин бири жана агрардык сектордун өнүгүшү менен тыгыз байланышта.

Мында, тараптар Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмуна анын Уставын ратификациялоо жолу менен толук кандуу катышуучу катары кирүүсү боюнча пикир алмашышты.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев ошондой эле Кыргыз Республикасы Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө маани берерин жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында ишти күчөтүү боюнча чараларды көрүүгө ниеттенип жаткандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK