Тышкы иштер министринин орун басары А.Мадмаров Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту

2022-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Мадмаров Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоонун алдында саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү активдештирүү контекстинде кыргыз-корея мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Тараптар 2021-жылдын жыйынтыгын, атап айтканда Корея Республикасынын Парламентинин Төрагасынын, Түндүк багыт боюнча экономикалык кызматташтык комитетинин Төрагасынын, ошондой эле Түштүк Кореядан келген бир катар бизнес-делегациялардын Кыргызстанга болгон иш сапарлары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө оң түрткү бергендигин канааттануу менен белгилешти. Бардык деңгээлдеги тыгыз саясий байланыштарды кармап туруу, жогорку жана бийик деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, өз ара пайдалуу саясий диалогду чыңдоо, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл экендиги белгиленди.

А.М.Мадмаров ошондой эле 2021-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев менен Корея Республикасынын Тышкы иштер министри Чунг Эуи Ёндун ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жемиштүү мүнөзүн белгилеп, жетишилген макулдашуулар үстүбүздөгү жылы практика жүзүндө ишке ашырыла баштай тургандыгына ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда маектештер эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн биргелешип иштөөгө бекем ниеттерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK