Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосунда 2-Тышкы иштер министрликтер аралык консультациялар болуп өттү

2022-жылдын 18-августунда Исламабад шаарында Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрилеринин орун басарлары Айбек Артыкбаев жана Мухаммад Аамир Афтаб Курешинин деңгээлинде Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда 2-Тышкы иштер министрликтер аралык консультациялар болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун азыркы учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин түзүлүшүнүн 30-жылдыгынын алкагында кызматташууну ар тараптуу кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев өз сөзүндө эки тараптуу күн тартибинин негизги аспектилерине токтолуп, Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрликтеринин эки тараптуу саясий байланыштарын активдештирүүгө, соода, инвестиция, билим берүү, илим, медицина жана маданият тармактарында, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу жагынан кызматташууну натыйжалуу өнүктүрүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган координацияланган ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда тыгыз байланыштарды түзүү жана өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты арттыруу үчүн эффективдүү логистикалык маршруттарды уюштуруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. ШКУ, ИКУ, ЭКУ жана сыяктуу аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында, өзгөчө коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактык интеграцияны өнүктүрүү жаатына көңүл буруу менен кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы кеңири потенциалды белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди тереңдетүүгө жана активдештирүүгө жана, анын ичинде, эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде өз ара иш сапарларды уюштурууга даяр экендиктерин ырасташты, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу тараптар мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун деңгээлинде өз ара мамилелерди кеңейтүү, эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын жаңыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү жана ар кандай долбоорлорду колдоо жагынан жакшы макулдашылган биргелешкен иштерди жүргүзүүгө макулдашышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар 2022-жылдын октябрынын башында соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйынын өткөрүү жана аны кезектеги эки тараптуу бизнес-форум менен айкалыштыруу боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK