Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Тышкы иштер министрлигинин ортосунда кезектеги саясий консультациялар болуп өттү

2022-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Тышкы иштер министрлигинин ортосунда кезектеги саясий консультациялар болуп өттү.

Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин, ал эми германиялык тараптан Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер федералдык министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Ыйгарым укуктуу Маттиас Луттенбергдин деңгээлинде катышышты.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында
2022-жылы бир катар биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүп жатканын белгилешти. Маанилүү окуялардын бири болуп өткөн кыргыз-герман бизнес-форуму жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тең төрагалыгы астында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны болду.

Ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, финансы-техникалык кызматташтык, «Жашыл Борбордук Азия» долбоорунун алкагындагы өз ара аракеттенүү жана консулдук-укуктук чөйрөдөгү маселелер талкууланды.

Ошондой эле дипломаттар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде АФганистан жана Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Айбек Молдогазиев менен Маттиас Люттенберг маселелерди ыкчам талкуулоо жана чечүү үчүн туруктуу иш байланышта болууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK