Кыргызстандын немистеринин иштери боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-герман комиссиясынын XVI отуруму болуп өткөрүлдү

2024-жылдын 27-майында Бишкекте Кыргызстандын немистеринин иштери боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-герман комиссиясынын XVI жыйыны болуп өттү.

Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, германиялык делегацияны Бундестагдын Депутаты, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Өкмөтүнүн көчүп келүүчүлөр жана улуттук азчылыктар маселелери боюнча ыйыгарым укуктуу Натали Павлик жетектеди.

Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев өз сөзүндө 2023-жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий диалогдун активдешүүсүн канааттануу менен белгиледи.

Айбек Молдогазиев көп улуттуу Кыргызстанда бардык этностордун тилин, маданиятын жана өзгөчөлүгүн сактоо жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн айтты. Айрыкча Кыргызстандын этникалык немистери өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп, коомубуздун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Немис тили тууралуу сөз кылган Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев кыргызстандык жаштары бул тилди үйрөнүүгө жана Германиянын маданияты менен таанышууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Ыйгырым укуктуу Натали Павлик жана Германиянын тиешелүү органдарынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасындагы этникалык немистерге Федералдык Өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлүшү жөнүндө айтып беришти. Тактап айтканда, германиялык тарап 2024-жылы Кыргызстанда аткарылып жаткан иш-чараларга токтолду.

Жолугушууда Кыргызстан немистерининн элдик кеңешинин төрагасы Валерий Диль да Элдик кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Коммюникеге кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK