“Кыргыз-Британ кызматташтыгы Кыргызстандын балдарынын көзү менен” республикалык балдардын сүрөт сынагы болуп өттү

Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте 2022-жылдын май-июнь айларында «Кыргыз-Британ кызматташтыгы Кыргызстандын балдарынын көзү менен» деген темада республикалык көркөм сүрөт сынагы болуп өттү.

Сынакка республиканын бардык аймактарынан 10-15 жаштагы 5-9-класстын окуучулары катышты.

Сынактык комиссиясынын алдында жеңүүчүлөрдү тандоо оңой эмес милдети турду, анткени бардык сүрөттөр кызыктуу, креативдүү, сюжети жана аткаруу техникасы боюнча айырмаланган. Жаш сүрөтчүлөр өздөрүнүн чыгармачылыгын жана фантазиясын колдонуп, боек жана карандаштын жардамы менен Манас жана Биг Бендин салттуу элестери, боз үй жана эки кабаттуу автобустар, кереметтүү Ала-Тоо тоолору жана англис сейил бактары аркылуу британ жана кыргыз маданиятын көрсөтүштү.

Комиссия биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген жеңүүчүлөрдү, ошондой эле мыкты иштердин авторлорун аныктап, алар Кыргыз Республикасынын Элчилигинин, Улуу Британиянын Элчилигинин ошондой эле Британиялык "Чаарат" компаниясы тарабынан эстелик сыйлыктарына, белектерине жана мактоо баракчаларына ээ болушту.

Сыйлык тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде 2022-жылдын 14-июнунда өттү.

Мыкты тандалган эмгектер Улуу Британиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттарында көргөзмөгө коюлат, ошондой эле Улуу Британиянын Парламентинин депутаттарына, Улуу Британиянын саясий ишмерлеринин жеке колллекцияларына жана коомчулукка белек катары берилет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK