Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык кварталында ”2022-жазгы фестивалы” болуп өттү

2022-жылдын 5-мартында Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык кварталында Сауд Арабия Падышалыгындагы Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн Элчиликтери биргелешип уюштурган ”2022-жазгы фестивалы” болуп өттү.

Фестиваль жаз майрамы – Ноорузга арналып, жыл сайын Сауд Арабиядагы түрк тилдүү мамлекеттердин Элчиликтери тарабынан жергиликтүү аудиторияны, дипломатиялык шаарчанын тургундарын жана чет элдик дипломаттарды Борбордук Азия, Түркия жана Азербайжан элдеринин бай тарыхы, маданияты, каада-салты жана үрп-адаттары менен тааныштыруу максатында өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Улукбек Марипов, ошондой эле Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын Элчилери фестивалга келгендердин алдында куттуктоо сөздөрүн айтышып, Нооруз майрамынын тарыхы, ошондой эле өз элдеринин ушул жазгы күндү белгилөө салттары жөнүндө айтып беришти.

Коноктор жана катышуучулар үчүн салттуу кийимдер, колго жасалган сувенирлер, зергер буюмдар жана сүрөттөр менен жабдылган стенддер, ошондой эле улуттук сыйлуу тамак-аштар тартууланды.

Фестиваль өткөн жерде Кыргыз Республикасынын Элчилиги тарабынан курулган кыргыздын улуттук боз үйү коноктордун жана катышуучулардын өзгөчө көңүлүн буруп кызыгуусун жаратты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK