Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун паркы жана бюсту ачылды

2022-жылдын 8-октябрында Анкара шаарында залкар жазуучу, дипломат жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багынын жана бюстунун ачылыш аземи болуп өттү. Паркка жазуучунун бюсту орнотулуп, анын постаментине Ч.Айтматовдун: “Адамга эң кыйыны – күн сайын Адам болуу” деген цитатасы жазылган.

Залкар жазуучунун ысымын алган парктын ачылышына байланыштуу иш чарада Элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Чанкая муниципалитетинин мэри Алпер Ташделен куттуктоо кайрылуусун жасашты.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө Түркиянын борбору Анкарада Айтматовдун урматына сейил бак ачылып, ага бюстун орнотулушу жазуучуга жана анын элесине болгон терең урматын ачык ырастоосу гана эмес, ошону менен бирге Кыргыз жана Түрк элдеринин боордоштук алакаларынын символу экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Элчи Кубанычбек Өмүралиев Чыңгыз Айтматов Кыргызстанга  гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн маданиятына зор салым кошкон инсан экенин белгиледи.

Мэр Алпер Ташделен өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана алардын негизинде тартылган тасмалары менен барабар өскөн бир катар Түркиянын жарандарынын бүтүндөй муунуна маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыздын улуу жазуучусунун ысымы учурда Анкаранын Чанкая муниципалитети менен байланышып жатканына кубанычын жана сыймыктанганын билдирди.

Салтанаттуу иш чарага Түркия Республикасында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү, министрликтердин жана ведомстволордун, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес түзүмдөрдүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана  Анкара шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK