Екатеринбург шаарында «Кыргызстан-Урал» жана «Казакстан-Евразия» Свердлов облустук коомдук уюмдары тарабынан уюштурулган «Энелер күнү» майрамына арналган иш-чара болуп ѳттү. Аталган майрамдык иш-чарага Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу, «Дом народов Урала» баштаган бир катар диаспора уюмдарынын ѳкүлдѳрү катышышты

2019-жылдын 30-ноябрында Екатеринбург шаарында «Кыргызстан-Урал» жана «Казакстан-Евразия» Свердлов облустук коомдук уюмдары тарабынан уюштурулган «Энелер күнү» майрамына арналган иш-чара болуп ѳттү. Аталган майрамдык иш-чарага Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу, «Дом народов Урала» баштаган бир катар диаспора уюмдарынын ѳкүлдѳрү катышышты.

Иш чаранын алкагында Екатеринбург шаарынын артисттеринин, диаспора уюмдарынын  катышуусундагы концерт уюштурулуп, улуттук бийлер, кыргыз, казак, орус тилдеринде ырлар аткарылды. Кыргыз диаспорасынын атынан Тюмень шаарынан келген «Ак шоола» бийчилер тобу жана башка чыгармачыл жамааттардын музыкалык белектери тартууланды. Кыргызстандыктардын атынан модельер Алмазбек уулу Бекназардын улуттук стилдеги саркеч кийимдеринин кѳргѳзмѳсү дагы уюштурулуп, майрамдык сахнанын кѳркүн ачты.

Башкы консул Руслан Бийбосунов энелерге куттуктоо сѳзүн айтып, мындай иш-чаралардын улуттар аралык мамилени жана достукту бекемдѳѳ мааниси бийик экендигин белгилеп, кѳп балалуу энелерге белектерди тапшырды.

Иш-чара салтанаттуу майрамдык маанайда ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK