Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылындагы Элчилиги 2021-жылдын 17-июлунан тартып 29-июлуна чейин Каир шаарына кезектеги консулдук иш сапарын уюштурду

Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасында жашап жаткан жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында, ошондой эле Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөлөрдөгү биздин жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тапшырмаларын аткаруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылындагы Элчилиги 2021-жылдын 17-июлунан тартып 29-июлуна чейин Каир шаарына кезектеги консулдук иш сапарын уюштурду.

Иш сапары учурунда Кыргыз Республикасынын Каир, Александрия жана Египеттин башка шаарларында жашаган жарандарына 300дөн ашык консулдук кызматтар жана консультациялар көрсөтүлдү. Жарандык абалдын актыларын каттоо, жарандык жана ички паспортторду (ID-card) узартуу/тариздөө, консулдук каттоого алуу, ошондой эле нотариалдык аракеттер боюнча консулдук кызматтар көрсөтүлдү.

Египеттеги Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан консулдук тарифтерди төмөндөтүүгө багытталган, ошондой эле кезектеги консулдук иш сапарын уюштуруу боюнча жүргүзүлгөн иштери тууралуу маалыматты позитивдүү кабыл алышты.

Египеттеги жарандарыбызды документтер менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилиги консулдук иш сапарларын уюштуруу практикасын улантат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK