Словак Республикасында, Европа Биримдигинин жана Евразия Экономикалык Биримдигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасыны кызматташусуу боюнча эл аралык конференциясы болуп ѳттү

21-ноябрында Словак Республикасында, Европа Биримдигинин жана Евразия Экономикалык Биримдигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасыны кызматташусуу боюнча эл аралык конференциясы болуп ѳттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук, гуманитардык, билим берүү тармактары, соода-экономикалык кызматташтык, жалпы аймактык өлкөлөр менен жалпы укуктук мейкиндик жана өз ара мамиле маселелери талкууланды. Андан тышкары, Борбор Азияда Европа Биримдигинин жана Евразия Экономикалык Биримдигинин ролу, Экономикалык Комиссиясынын алдында турган милдеттерди ишке ашыруусу каралды.

Словакиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов өз сөзүндө, Кыргызстандын экономикалык потенциалы жана инвестициалык климаты тууралуу маалымдады. Кыргызстанда чет ѳлкѳлүк инвесторлор үчүн либералдуу режим бар экендигин баса белгиледи. Андан сырткары, Орто Азия ѳлкѳлѳрүнүн экономикалык алакасынын ѳнүгүшү, Кыргызстандын КНР менен коңшулугу, ошондой эле ЕАЭБнин мүчѳсү болгондугуна байланыштуу ѳлкѳдѳ чет ѳлкѳлүк ѳндүрүүчүлѳр менен биргелешкен ишкана ачуунун перспективдүү мүмкүнчүлүктѳрү жѳнүндѳ айтылды.

Жыйын Словак Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана  Словак Республикасындагы Россия Федерациясынын Элчилигинин колдоосу менен болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK