КРдин Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москва шаарындагы резиденциясы менен Исландиянын Элчиси, Аурни Тор Сигурдссон мырзаны кабыл алды

2023-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москва шаарындагы резиденциясы менен Исландия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Аурни Тор Сигурдссон мырзаны кабыл алды.

А.Имангазиев Исландиянын Бишкек шаарындагы Ардактуу консулдугунун ачылышы менен куттуктап, мындай кадам кызматташууну активдештирет деген ишенимин билдирди.

Кыргызстандын гидроэнергетикасын өнүктүрүү боюнча кыскача маалымат берди.

Франция, Швейцария, Италия менен дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды алып салуу боюнча келишимдерди түзүү эске алып, Исландия менен ушундай эле келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Өз кезегинде Элчи А.Сигурдссон эки тараптуу кызматташуунун ар түрдүү тармактары, анын ичинде соода тармагындагы мүмкүн болгон кызматашуу боюнча өзүнүн көз карашын баса белгиледи.

Анын айтымында, Исландия тарапта Кыргызстан менен визалык режим азыртадан эле каралып жаткандыгын, ошону менен бирге, аба транспорту жана кош салык салуудан качуу боюнча келишимдерди түзүү маселесин карап көрүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында тараптар Исландияда Кыргызстандын ардактуу консулдугун ачууну талдап жана карап көрүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK