Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин Башкы катчысы Кайрат Сарыбай менен жолугушту

2023-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) Башкы катчысы Кайрат Сарыбай менен жолугушту.

Айбек Молдогазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасы АӨИЧК алкагында кызматташууга өзгөчө маани берет жана казак тараптын диалог механизми катары Конференциянын жалпы потенциалын ишке ашыруу, ошондой эле аны эл аралык уюмга айландыруу боюнча аракеттерин колдойт. Ошону менен бирге, ал аймактагы стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоо жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча практикалык иш-чаралардын жана биргелешкен иш-аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Кайрат Сарыбай Казакстандын төрагалыгы астында АӨИЧКны толук кандуу эл аралык уюмга айландыруу боюнча Жол картасын даярдоо боюнча Катчылык тарабынан аткарылып жаткан иштер жана жалпысынан АӨИЧКны институционалдык өнүктүрүүгө багытталган аракеттер тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, К.Сарыбай үстүбүздөгү жылдын июль айынын экинчи жарымында Казакстанда жана Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык корпустун катышуусунда АӨИЧКнын жөө жүрүшүн уюштурууну сунуштады. К.Сарыбайдын айтымында, бул иш-чара чек ара багыттары, анын ичинде туризмди өнүктүрүү жана сергек жашоо образын сактоо үчүн эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого мүмкүнчүлүк түзүп, ошондой эле дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн экологиялык маселелерге буруп, тоолуу аймактардын потенциалы тууралуу маалымдуулукту арттырат.

Тараптар АӨИЧКнын күн тартибинде турган бардык актуалдуу маселелер боюнча ишти биргеликте улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK