Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Корея Республикасынын Эл аралык климат жана айлана-чөйрө борборунун (ICEC) Президенти Вон Тэ Юн менен жолугушту

Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде, Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Корея Республикасынын Климат жана айлана-чөйрө эл аралык борборунун (ICEC) Президенти Вон Тэ Юн мырза жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар KOICA аркылуу 5 миллион АКШ долларынан ашык суммадагы «Кыргыз Республикасындагы климаттык кризистерге чара көрүү башкаруу системасын түзүү жана потенциалды бекемдөө» гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча даярдык иштерин талкуулашты.

Корея тараптын маалыматы боюнча, климаттын өзгөрүшүнө Кыргызстандын аярлуулугун эске алуу менен, долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча метеорологиялык жана экологиялык талдоо үчүн баштапкы маалыматтарды алуу, климаттык чөйрөнү баалоо ыкмаларын белгилөө жана климаттын өзгөрүшүнөн улам табигый кырсыктарга жана өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүнө каршы күрөшүү саясатын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Долбоор ошондой эле Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү боюнча тармакты түзүүгө негиз болуп, климаттын өзгөрүшүнө чара көрүү үчүн саясатты болжолдоо, баалоо жана иштеп чыгуу үчүн адистерди даярдайт.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелова Бишкек шаарындагы абанын булганышына байланыштуу кырдаалга корей тараптын көңүлүн буруп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелова корей тарапка Кыргызстанда 2022 жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялангандыгы, ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын демилгелери жөнүндө маалымдады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK