Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева менен жолугушту

17-январда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Мадмаров Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин атынан А.Солтонгелдиевага 2021-жылдын ноябрь айында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын жүрүшүндө ЮНЕСКОнун «Тоо мөңгүлөрүнө мониторингди жана изилдөөнү күчөтүү» резолюциясын кабыл алууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Министрдин орун басары А.Мадмаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 2021-жылдын сентябрындагы 76-сессиясынын жалпы дебаттарында КР Президенти С.Жапаров тарабынан айтылган экология жаатындагы демилгелерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү натыйжаларга жетишүү боюнча мындан аркы биргелешкен иштердин жана кыргыз тараптын демилгеси менен кабыл алынган БУУнун жана ЮНЕСКОнун резолюцияларынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле аталган демилгелерди толук ишке ашыруу үчүн мындан аркы кызматташууну жана Кыргыз Республикасы менен ЮНЕСКОнун ортосундагы маданият, билим берүү жана социалдык өнүгүү жаатындагы кызматташтыктын башка багыттары боюнча пикир алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK