Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсенин башчысы Назира Артыковага Юбилейлик медал тапшырды

Бүгүн, 2021-жылдын 13-октябрында, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кыргыз Республикасы менен активдүү жана жемиштүү кызматташтыгы, өзгөчө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү мезгилинде көрсөткөн жардамы үчүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсенин башчысы Назира Артыковага «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары А.Мадмаров ДСУга Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Н.Артыкова Кыргыз Республикасы менен ДСУнун кызматташтыгы жемиштүү мүнөзгө ээ болгондугун белгилеп, мындан ары да жардам берүүгө ниеттенгендигин ырастады.

Тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин да талкуулашты.

Жыйынтыгында А.Мадмаров Н.Артыкованын ишине ийгиликтерди каалап, Кыргызстан ДСУ менен мындан ары жемиштүү өз ара аракеттенүүсүн улантууга даяр экендигин тастыктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK