Кыргыз Республикасынын Элчиси Б.Отунбаев Эл аралык Республикалык Институтунун Евразия өлкөлөрү боюнча Регионалдык директору Стивен Никс менен жолугушуу өткөрдү

2019-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Элчиси Б.Отунбаев Эл аралык Республикалык Институтунун (IRI) Евразия өлкөлөрү боюнча Регионалдык Директору Стивен Никс менен жолукту. Жолугушууда Институттун программаларын жана иш-чараларын Кыргызстанда ишке ашыруу маселелер, ошондой эле келечектеги коюлган жалпы пландар талкууланды.

Элчи Б.Отунбаев, Кыргызстандагы саясий партиялары, ӨЭУ жана активисттер менен Институттун түздөн-түз ишин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын саясий балансынын бузулушуна жол бербөө максатында, IRI программалык иш-салмактуунун жана бирдей мамиле жасоонун зарылдыгын белгиледи.

С.Никс, демократия жана парламентаризмди өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын аймактагы башкы ролун белгилеп, өлкөдөгү бардык катышы бар тараптар менен артыкчылыксыз иштөөгө Институтунун даярдыгын жана ачыктыгын ишендирди.

Тараптар Вашингтондо, ошондой эле Институттун Бишкек жана Ош шаарларындагы өкүлчүлүктөрү аркылуу, үзгүлтүксүз байланышты сактоого макулдашты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK