Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту

2022-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради менен жолугушуусу өттү. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты. 

Ошону менен бирге, тараптар бардык деңгээлдеги өз ара сапарларды, ТИМдер аралык саясий консультацияларды жана эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын уюштуруу боюнча күч-аракеттерди багыттоону макулдашышты. 

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында Сауд Арабиясынын жарандарынын Кыргыз Республикасында жүрүүсү жана инвестицияны коргоону күчөтүүнүн укуктук механизмдери боюнча маселелер көтөрүлдү. 

Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу, тараптар 2022-жылы эки өлкөнүн маданият күндөрүн, жарманке-көргөзмө, туризм жана бизнес форумдарды биргелешип өткөрүү ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK