Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ага Хан өнүктүрүү тармагынын жаңы дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал менен жолугушту

2022-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ага Хан өнүктүрүү тармагынын жаңы дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал менен жолугушту.

Жолугушуу Ага Хан Өнүктүрүү уюмунун Өнүгүү боюнча дипломатиялык өкүлү Б.Фазалдын КР Тышкы иштер министри Р.Казакбаевге ишеним грамотасын тапшыруусу менен башталды. Андан ары тараптар Кыргыз Республикасы менен Ага Хан өнүктүрүү тармагынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарынын жашоочуларынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча мындан аркы кызматташуу жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгү талкууланды. Министр Р.Казакбаев өлкөнүн бул багыттагы соңку эл аралык демилгелерин, атап айтканда БУУнун жана ЮНЕСКОнун тиешелүү резолюцияларын кабыл алуу, өлкөнүн аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган “1000 тоолуу айыл” демилгесин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, Министр Р.Казакбаев Ага Хан өнүктүрүү тармагынын коронавирустук эпидемияга каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы жана Памирдеги жана Афганистандагы этникалык кыргыздарга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бул маселелердин үстүндө эки тараптуу кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ага Хан өнүктүрүү тармагынын дипломатиялык өкүлү Б.Фазал Кыргыз Республикасындагы болгон долбоорлорду ишке ашырууну улантууга, ошондой эле КР Тышкы иштер министри Р.Казакбаев менен талкууланган күн тартиби боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин ырастады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK