КР Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Индонезиянын Кыргызстандагы Элчиси Сунарио Картадината менен жолугушту

2022-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун Индонезия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сунарио Картадината менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индонезия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, өз ара кызыгууну жараткан чөйрөлөрдө мындан ары кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн кыргыз-индонезия ТИМдер аралык консультацияларды уюштуруу маселеси көтөрүлдү.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү боюнча жемиштүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти. А.Мадмаров Кыргызстандын 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгондугу тууралуу маалымдап, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоону суранды. Өз кезегинде кыргыз тарап Индонезиянын өз ара колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарын кароого даяр экендигин белгиледи.

Тараптар мамлекеттердин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү максатында саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, спорт, ошондой эле адал продукциянын сапатын камсыздоо жаатындагы типтүү келишимдердин долбоорлорун макулдашуу процессин тездетүү зарылдыгын белгилешти.

Индонезиянын элчиси С.Картадината билим берүү тармагындагы кызматташууну активдештирүүнү сунуштады. Тактап айтканда, Индонезиядан Кыргызстанга ар кандай адистиктеги мугалимдерди жөнөтүү, ошондой эле Кыргызстандын студенттерин Индонезиянын ЖОЖдорунда окутуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Келерки жылы Кыргызстан менен Индонезиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын (1993-жылдын 5-апрелинде) белгилөөнүн алдында Тараптар бул маанилүү датага арналган биргелешкен иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушунун соңунда Тараптар эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өз ара кызыгууну жараткан тармактарда олуттуу натыйжаларга жетишүү үчүн мындан ары да күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK